• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу “Барсбек” жана “Манас” эстелиги жайгашкан айланма жолдорго эс алуу бактар курулат

Аймак 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен “Барсбек” жана “Манас” айкелдери жайгашкан айланма жолдордун айланасы жашылдандырылып, жарандар үчүн эс алуучу бактар курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-сентябрда, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов “Барсбек” жана “Манас” айкелдери жайгашкан айланма жолдордун айланасын жашылдандыруу боюнча долбоору менен таанышты.

Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Манас” айланма жолдун айланасын жашылдандыруу жумуштары кийинки айда башталат. Ал эми “Барсбек” айланма жолунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караган бөлүгүнө курулуучу эс алуу бактын долбоору бүткөрүлүп, каржы булагы аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий