• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу бассейндердин санитардык абалы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Кечээ, 12-июлда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тиешелүү жетекчилер менен шаардагы бассейндердин санитардык, экологиялык-техникалык абалын текшерди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар мэри бассейндердин тазалыгына, коопсуздугуна көңүл бурду.

“Жайкы мезгилде шаардыктардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында коомдук жайларды атайын көрсөтүлгөн талаптарга ылайык текшерип жатабыз. Бассейндерде жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн санитардык-гигиеналык жана экологиялык-техникалык талаптар сөзсүз түрдө көзөмөлдө болуш керек”,-деди А.Кадырбаев.

Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Айчүрөк Келдибекованын айтымында, шаарда 10дон ашуун коомдук бассейндер бар. Андагы суунун анализи санитардык-гигиеналык физикалык жана паразитологиялык көрсөткүчү ар жума сайын лабораториялык көрсөткүчтөрдөн өткөрүлүп турат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 10го жакын бассейндер текшерилип, алардын экөөсүнө кемчиликтерди жоюу үчүн эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле, шаар мэри тиешелүү жетекчилерге жана коомдук жайлардын ээлерине эс алуу жайларындагы талаптарды жакшыртуу, шаардыктардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн атайын тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий