• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу батирлердин биринен 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Оштогу батирлердин биринен 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылды, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, куткаруучуларга Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринде батирдин жашоочусу эшикти ачпай жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн.

"Ош шаардык куткаруу кызматынан жерине 4 куткаруучусу тартылып, батирдин ичинен 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий