• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштогу борбордук базардын жолдорун кеңейтүү иштери аягына чыгууда

Аймак 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук базарында соода түйүндөрүнүн аралыгын кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бүгүн, 11-июнь күнү өрт коопсуздугун текшерүү үчүн атайын өрт өчүрүүчү автоунаанын кирип чыгуусу текшерилди. Ага Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, коргонуу, укук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар секторунун башкы адиси Алтынбек Приматов, Ош шаардык базар дирекциясынын жамааты барып элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен дагы бир топ маселелерге токтолушту. Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов өрт өчүрүүчү автоунаалардын кайрылуусуна дагы тосколдук болуп жаткан айрым соода түйүндөрүн жылдырууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Ош шаардык базар дирекциясынын директору Махамат Курбановдун айтымында борбордук базарда өрт өчүрүүчү автоунаалардын өтүүсүнө тоскоол болгон 56 темир күркө, 23 прилавка алынып, 441 темир күркө кичирейтилди. Калган контейнерлер жолдун эки жагына ирээти менен жылдырылгандыгын кошумчалады.

Ош шаарынын мэриясынын коргонуу, укук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар секторунун башкы адиси Алтынбек Приматовдун айтымында тийиштүү кызматтардын жана базар дирекциясы тарабынан соодаргерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында ирээтке келтирүү, кеңейтүү иштери жүрүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле, соодагерлердин демилгеси менен, каражат топтолуп жаандан, кардан тосуу үчүн соода түйүндөрүнүн үстүн убактылуу жабуу иштери кызуу жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий