• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу "Дельфин" бассейни жайкы сезонду ачты

Аймак 0

Бишкек, 01.06. 18. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Дельфин” спорт мектебинин жайкы сезонунун ачылышы болду. Ага шаардагы “Боорукердик”, “Алтын уя” жана башка балдар үйлөрүнүн, В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын 500дөн ашуун тарбиялануучулары катышты.

Балдарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо куттуктап, белектерин беришти.

Майрамдык иш-чаранын негизинде Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети бардык балдарга спорт жабдыктарын, таттууларды, суусундуктарды жана балмуздактарды таратып, белектерин беришти. Ошондой эле, Чайковский атындагы музыкалык мектептин чыгармачыл топтору жана “No name” командасы балдарга концерттик оюн-зоок программа тартуулашты.

Айта кетсек, 1-июнь майрам күнү “Дельфин” бассейни бардык балдар үчүн акысыз иштейт.

Пикир

Оставить комментарий