• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу Достук жана Ысык-Көлдөгү Ак-Булуң калктуу конуштарына айыл статусу берилди - ЖӨБЭММА

Аймак 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде (ЖӨБЭММА) калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жана Чүй облусунун Аламүдүн, Ленин айыл аймактарынын чек араларынын баяндамасын бекитүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, отурумда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаны-Арык айыл аймагынын Достук жана Ысык-Көл облусунун Тоң айыл аймагынын Ак-Булуң калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү маселеси каралып, колдоого алынды.

Бул маселе аталган конуштардын жашоочуларынын, тиешелүү айылдык кеңештеринин, райондук мамлекеттик администрацияларынын чечимдеринин негизинде өкмөттүн Ош жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан комиссиянын кароосуна сунушталган. Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен алардын макамы жогорулап, айыл аймактын өзүнчө аймактык бирдик болуп эсептелет.

Конуштун жашоочулары ушул жашаган жерине каттоого тура алышат, ошондой эле жергиликтүү жамаатка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, инвестицияларды тартууга, ар кандай долбоорлор менен кызматташууга шарттар түзүлөт.

Экинчи маселе болуп, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн, Ленин айыл аймактарынын чек араларынын баяндамалары каралып, колдоого алынды.

Пикир

Оставить комментарий