• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу “Достук” жатаканасы дарыгерлер үчүн обсервация катары пайдаланылат

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Оштогу “Достук” жатаканасы дарыгерлер үчүн обсервация катары пайдаланылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фондунун демилгеси менен Ош шаарындагы "Достук" студенттер жатаканасы дарыгерлер үчүн обсервацияга берилет.

Жатаканадагы түзүлгөн шарт менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, аталган фонддун жана жатакананын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Аталган жатаканада обсервацияга 80 орун даярдалат.

Пикир

Оставить комментарий