• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу эркектин ишин кылып,техника башкарган айымдар (Сүрөт)

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.03.18. /Кабар/. Аял үйдүн куту.

Бирок аялдардын арасында эркектер аткарган иштерди да жасагандары арбын. Мисалы Ош шаарында курулуш иштерине байланышкан техникаларды айдагандары да бар. Алардын бири Нурмира Молдошева. Ал өмүр бою кран башкарып иштеген. Ага окшоп Назлим Бахыева да аялдарга таандык эмес ишти аткарат.

Нурмира Молдошева кран башкаруунун сырларына кызыкканы үчүн гана үйрөнгөн жок. Ал практикалык сабактардын арты менен дасыккан айдоочу болууга аракеттенүүдө. Болгондо да троллейбус айдоочусу болсом деп жүрөт. Бул тармакка келүүсүнө үйдөгү ага-инилери түрткү болгон.

“Алты айдан бери эле баарын окуп, үйрөнүп алдык. Этияттап айдап, адамдарды эсен-аман үйлөрүнө жеткирүү үчүн тажрыйба топтоп жүрөбүз”,-дейт Нурмира Молдошева.

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасында жалпы 5 кыз окуп жатат. Баарынын максаты жүргүнчүлөрдү мыкты тейлөө жана өздөрүнүн максаттарын ишке ашыруу. Айдоочулукту өздөштүрүп жатышканына жарым жылдын жүзү болгон. Эки, үч ай ичинде троллейбус башкарууну үйрөнүп алса болот. Бирок жол эрежелерин мыкты билип, болочоктогу айдоочу аялдарга үлгү болууну самашат.

Эми бир айдын ичинде буларга айдоочулук күбөлүктөрү берилет. Муну менен шаардагы троллейбус каттамдарында айдоочу аялдардын саны көбөйөөрү күтүлүүдө. Ал эми троллейбусту өз алдынча башкарып, бул тармакта эмгектенип жаткан аялдардын катарын Нурила Кенжебаева толуктайт. Ал азыр Манас-Ата кичи шаарчасынан Студенттер шаарчасына багыт алды. Каарманыбыздын минтип айдоочулук кесипти аркалагына болгону бир жылдын жүзү болду.

Деген менен башка кесиптештеринен калышпай, тең ата жумуш аткарат. Башкача айтканда, күнүнө 7-8 жолу каттамга чыгып, жургүнчүлөрдү дарегине жеткирүү менен алек болот. Ошентип эрте мененки саат 6да башталган жумуш күнү кечки саат 9-10дордо аяктайт. Бул убакыт аралыгында чарчап, чаалыкканы менен кайра эле эртеси жумушка карай шашаарын айтат. Анткени ал жаштыгынан максат кылган кесиптин ээси болгон.

“Шаарга окууга тапшырганы келгемин. Бир эженин троллейбус айдап баратканын көрүп, кызыгуум артты. Окууну бүтүп, айылга кетип, турмушка чыктым. Анан кайра анын окуусун издеп, Бишкек шаарында окудум. Ысык-суугуна чыдап, иштеп жүрөм”,-деди Нурила Кенжебаева.

Троллейбус айдоочусу болуу үчүн аны башкарууну билүүнүн өзү жетишсиздик кылат. Анткени бул автотранспорт электр энергиясы аркылуу жүргөндүктөн каттамга чыгаардан мурун анын чубалгыларын көчөдөгү линияга улап чыгуу керек. Бул иштерди Нурила Кенжебаева окуп жүргөн кезинде эле жакшы өздөштүрүп алган. Эгерде кесилиш жолдордо катуу айдагандан туташтырылган зымдар үзүлүп кетсе, аларды да дароо оңдой койот. Негизгиси техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам жүргүнчүлөрдү күттүрбөгөнгө аракет кылат.

Булагы: ca-irnews.com

Каарманыбыз күнү-түнү жумуш аткарганы менен олчойтуп деле айлык албайт. Бирок ушул кесиптин арты менен баар таап, үй-бүлөсүн багып келе жатканын айтат. Негизгиси бул жумушту аялдар,бул жумушту эркектер аткарышы керек деп бөлбөй, баардыгына аракеттин арты менен жетишсе болооруна ишенет.

Пикир

Оставить комментарий