• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштогу гүл сатуучу жайлар жылдырылат – мэрия

Аймак 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан гүл сатуучу жайлар жылдырылып, жол кеңейтилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсатаров билдирди.

Гүл сатуучу жайларды жылдыруу демилгеси калаадагы жол тыгындарынын алдын алуу максатын көздөйт.

"Азыркы тапта биз тараптан сатуучуларга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Гүл базарды 2 айдын ичинде жылдырабыз деп пландап жатабыз", – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий