• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу И.Раззаков атындагы эс алуу жайы колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 05.10.17./Кабар/. Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, эс алуу жайдын ачылышы болуп, кызыл тасмасы кесилди.

Ага калаа башчы Айтмамат Кадырбаев, бир нече чет өлкөнүн шаарларына келген делегациялар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары келип катышты.

“И.Раззаков атындагы эс алуу жайы жеке менчикке өтүп, кароосуз калгандыгын шаар тургундары жакшы билет. Бак дарактар куурап, кейиштүү абалда калган эле. Аймактын тургундары менен жолугушуу өтүп, дал ушул эс алуу жайын оңдоп берүү сунушун киргизишкен. Аз убакыт өтбөй муниципалдык менчикке өткөрүү иштери жүрүп, реконструкцияны баштаганбыз. Мына жашылдардыруу комбинатынын кызматкерлеринин тынымсыз эмгеги менен эс алуу жайы Ош шаарындагы эң кооз жайлардын бири болуп, Ош шаарынын 3017-жылдыгы өтүп жаткан күнү шаардыктарга тапшырылды. Даталуу күнү ачылып жаткан эс алуу жайы тургундарга ар дайым жагымдуу маанай тартууласын. Эс алуу жайдын сметалык баасы 14 млн. сомду түзүп, тендердик баасы 8 млн. 421 миң болду”, - деди А.Кадырбаев.

Белгилей кетсек, эс алуу жайдын жалпы аянты 21998 чарчы метр, оңдоп түзөө иштери 2016-жылдын күз айларында башталган.

Пикир

Оставить комментарий