• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштогу Ибраимов атындагы драма театры коопсуздук талаптарына жооп бербейт

Аймак 0

Бишкек, 28.04.18 /Кабар/. Ош шаарынын Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театры коопсуздук талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу Мамэкотехинспекция тарабынан эскертүүлөр берилди. Тагыраак айтканда, Мамлекеттик маданий коомдук жайларда коопсуздук талаптары сакталбай иштеп келет.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, эреже боюнча маданият борборлору бир гана өрт коопсуздук талаптары эмес, ар тараптагы коопсуздук багыттарын толук сактап иштөөсү зарыл.

"Күн сайын өтүп жаткан маданий иш-чараларда электр кубаттуулугу үзгүлтүксүз колдонулат. Мындай учурда электр кубаттуулугун берип жаткан шаймандары сапаттуу болуп, атайын коопсуздукту тейлеген топтун көзөмөлүндө болуусу зарыл. Кокус чукул кырдаал жаралса кошумча эшиктери ачык болуп, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандары менен толукталып, даяр туруусу зарыл. Ал эми Ош шаарынын Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында буга чейин текшерүү жүргүзүлгөндө олуттуу кемчиликтер аныкталган. Алар боюнча эскертүүлөр берилген, тилекке каршы коопсуздук багытындагы талаптар бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет. Учурда Ош шаарынын борбордук театрынын жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди. Өз кезегинде Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык башкармалыгы Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрына коопсуздук талаптарын ирээтке келтируу боюнча эскертүүлөрдү берип келгенин маалымдайт. Кошумчалай кетсек, маданият тармагындагы коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген мындай театр бир гана Ош шаарында эле эмес, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында катталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий