• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу Ирригатор көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Туран муниципалдык аймактык башкармалыгындагы узундугу 1 чакырымды түзгөн Ирригатор көчөсүн оңдоп-түзөө иштери башталды, - деп билдирет Ош мэриясынын басма сөз кызматы.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда асфальт төшөөгө жана тротуар курууга даярдык иштери жүрүп жатат. Ошондой эле жолдун эки тарабына ирригациялык лотоктор төшөлдү.

Пикир

Оставить комментарий