• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштогу көп кабаттуу үйдөн орун алган кафеден өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан кафеден өрт чыкты.

ӨКМден кабарлашкандай, Раимбеков №13 дарегиндеги өрт тууралуу билдирүү кечээ, кечинде болжол менен саат 22:09 чамасында катталган.

Өрт беш кабаттуу үйдөгү “Дурдана” кафесинен чыккан.

Өрттү өчүрүү үчүн 2 бөлүм тартылып, 12 мүнөттүн ичинде өрт чектөөгө алынган. Саат 23:11де тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн себеби мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эреженин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий