• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасына ылайык, Манас-Ата кичи районунун Салиев көчөсүндө көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкарамылыгынын жана Оштогу жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери Салиев көчөсүнүн Жийделик көчөсү менен кесилишинен Касымбеков көчөсүнө чейинки көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат. Объектилерди демонтаждоо жана санитардык тазалоо учурунда, аткарылып жаткан иштер жөнүндө тургундарга алдын-ала эскертүү берилүүдө. Көпчүлүк тургундар жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен карашып, мыйзамсыз салынган имараттарын бузууга жардам жана колдоо көрсөтүшүүдө.

Айта кетсек, 2021-жылы Салиев көчөсүнө аллея куруу пландаштырылган. Учурда долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Курулуш иштерине чейин кароосуз калган үйлөрдүн айланасын санитардык тазалоо, мыйзамсыз курулуштар, тосмолор, гараждар, убактылуу соода түйүндөр жана бактар ирээтке келтирилүүдө.

Планга ылайык, курулуш иштери ушул жылдын май айында башталып, жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Долбоордо тротуарларды, ирригациялык тармактарды реконструкциялоо, жолду асфальттоо, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери, көп кабаттуу үйлөрдүн маңдайкы бетин сырдоо, фонтан куруу каралган.

Пикир

Оставить комментарий