• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» ишканасы жыл жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы жыл жыйынтыгын чыгарды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Жыл жыйынтыгын чыгарган чогулушкан Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышты. Жыл ичиндеги аткарылган жумуштар атайын даярдалган слайд аркылуу көрсөтүлдү. Мекеме жетекчиси Жалил Осмонов жыл сайын шаардын жашыл аянтын көбөйтүү менен шаардыктардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн аракет көрүлүп жатканын айтты.

Ишкана шаар боюнча жалпы 64 обьектти тейлеп, 327 жумушчу эмгектенип келет.

Борбордук күнөсканалар тарабынан жылына 1,5 млн сомдук гул өстүрүлүп, шаардагы көптөгөн жайларга эгилген. Мындан сырткары, күнөсканадагы гүл көчөттөр сатылып, атайын эсепке 98 миң 285 сом акча каражаты түшкөн. Кара-Кысмак жана Тээке питомниктеринде 2021-жылы шаарга 71 миң 131 даана (859 миң 300 сомдук) ийне, жазы жалбырактуу көчөттөр жана бадалдар отургузулду. Муниципалдык аймактык башкармалыктарга 3738 даана (1 млн. 134 миң сомдук) ийне, жазы жалбырактуу көчөттөр акысыз берилген. Жыл ичинде питомниктерден атайын эсепке 424 миң 56 сом акча түшкөн.

Мекеменин Курулуш бригадасы шаар боюнча 86 метр узундукта суу түтүктөрүн оңдоп, суу чыкпаган 7,16 гектар жерге суу жеткирген. Жол ортосунда 10дон ашуун темир люктарды оңдоп, ирригациялык арыктарга 48 даана суу тосмолорун коюшкан. Ошондой эле 690 метр узундукта бетон бордюрларды куюп, 670 даана гүл вазондору сырдалган.

Ирригация бригадасы шаар боюнча 140 чакырым узундуктагы арыктарды ылайдан тазалап, 39 миң 362 куб таштанды чыгарган.

10 миңден ашуун ийне жалбырактуу дарактар 3 жолудан ар кандай формага келтирилип, 250 миңдей бадалдар жылына 9-10 жолудан кыркылып турган.

2021-жылы ишкананын Формовка бригадасына 52 кат келип, мэриянын сунушу менен социалдык колдоого муктаж жарандарга 113 куб (107 миң 350 сомдук) отундар акысыз берилген.

Г.Айтиев жана Өскөналиев көчөлөрүнүн кесилишиинде 120 квадрат метр аянтта гүлзар жасалган. У.Салиева көчөсүнүн № 40Б көп кабаттуу үйүнүн алдында 1000 метр квадрат жер көрктөндүрүлдү. Э.Алиев көчөсүн көрктөндүрүүдө келишимдик негизде 350 даана (217 миң сомдук) можжевельник көчөттөрүн отургузуу иштери жүргөн.

Ишкананын Ландшафттык бригадасынын эмгеги менен Улуу Жибек жолу скверине жана Ата-Түрк сейил багына атайын селкинчектер коюлуп, Алымбек Датка этноргафиялык эс алуу жайына бугу инсталляциясы коюлган.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев 2022-жылда ишканага жаңы атайын техникаларды алуу боюнча аракеттер жүрө турганын билдирди. Ал эми эмгек жамаат Ош шаарынын көркүнө жооптуу экенин белгилеп, көрсөткүчтөр дагы да жогорулашы керектигин кошумчалады.

Соңунда өз ишин аткарууда артыкчылык көрсөткөн кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий