• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштогу кафеден өрт чыгып, 150 чарчы метр аянт күйдү - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.19. /Кабар/. Оштогу «Аль-Мансур» кафесинде өрт кырсыгы катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 5-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Масалиев проспектиндеги «Аль-Мансур» кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 6 бөлүм тартылган.

«Аталган кафенин 150 чарчы метр аянты толугу менен күйүп кетти. Кырсыктын жабыркагандар жана каза болгондор жок. Материалдык чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда»", - деп кошумчалашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий