• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу калкты тейлөө борбору модернизацияланды

Коом 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Ош шаарындагы калкты тейлөө борбору (КТБ) модернизацияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик катто кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, борбордо иштөө тартиби, бөлмөлөрдү пландоо, дизайн жана жарандарды кабыл алуу тиешелүү форматка келтирилген. Ош шаарындагы бул борбор аймакта жарандар көп кайрылуучу жай. Бул жакка Кара-Суу, Араван районунун жана коңшу облустардын жашоочулары келишет.

Жаңыланган борбордо электрондук кезек киргизилген, документтерди кабыл алуучу адистер бириктирилип, кызмат алуу процесси смеха түрүндө бөлүнгөн. Иштөө орундар жана күтүү залында жаңы эмеректер коюлган. Ошондой эле жарык берүү системасында да иштер жүргүзүлгөн. Кабыл алуу терезелеринин саны көбөйтүлгөн.

Мурун иш орундардын турушу, жарандар арасында тыгылыштарды жаратып, ал эми күтүү залы жарык болбогондуктан, бөлмө абдан ыңгайсыз сезилчү.

Документтерди кабыл алуу эски жана жаңы форматта кабыл алынып, башаламандыкты жаратчу. Ал эми бүгүнкү күндө иш өз нугуна кирген.

Пикир

Оставить комментарий