• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштогу “Келечек” соода базарында өрт коопсуздугу текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы күн мурун Ош шаарынын “Келечек” соода базарында өрт коопсуздугун алдын алуу максатында рейд уюштурду.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тилсиз жоонун алдын алуу максатында өрт өчүрүүчү автоунаа “Келечек” базарынын түштүк жана түндүк тарабынан базардын ичине киргенге аракет кылган.

Рейд учурунда авто унаалар кирүүчү жолдор жабык абалда болду. “Келечек” базарынан кийин “Бексултан” базарында өрт коопсуздугу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында базар жетекчилигине өрт өчүрүүчү автоунаалар өтүүчү жолдорду ачуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 100 даана өрт коопсуздук эрежелери боюнча сунуш баракчалар таркатылды.

Пикир

Оставить комментарий