• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Оштогу кичи базарларда өрт коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Кечээ, 5-июлда Оштун вице-мэри Шакир Зулимов тиешелүү органдын кызматкерлери менен биргеликте күн мурун өрт чыккан “Муса” кичи базарына барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун алкагында вице-мэр базардын жетекчилери жана соода-түйүндөрдүн кожоюндары менен сүйлөшүп, өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Ш.Зулимов тиешелүү органдын кызматкерлерине өрт өчүрүүчү унаалар өтүү үчүн кичи базарга барчу жолду тазалап, тоскоолдук жараткан соода объекттерин алууну тапшырды.

Эске сала кетсек, күн мурун “Муса” базарында чыккан өрттөн 8 соода-түйүнү жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий