• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Оштогу коомдук, маршруттук каттамдардын айдоочуларына беткаптар таратылат

Аймак 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-март күнү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев коомдук транспортторду, маршруттук каттамдарды текшерип, ар бир каттамдын акыркы аялдамасына барып айдоочуларга, каттамдын башчыларына, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалмыматка ылайык, вице-мэр өз сөзүндө эл ташыган каттамдардын тазалыгы коронавирусту алдын алууга жана аны жайылтпоого өбөлгө түзө тургандыгын белгилеп өткөн.

"Ар бир айдоочу, каттамдын башчылары жүргүнчүлөр үчүн жооптубуз. Каттамга чыгаардын алдында СЭСтин кызматкерлери менен биргеликте унааларды тазалап, дезинфекциялап, айдоочулар беткап тагып, каттамга чыгып иштейли. Тийиштүү талаптар аткарылбаса, анда айдоочулар маршруттук линиядан четтетилет. Күн сайын коомдук, маршруттук каттамдарга рейд жүргүзүлүп, текшерилет", - деди вице-мэр.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги, учурда беткап тигип жаткан "Мурас" тигүү ишканасы менен келишим түздү.

Мындан тышкары, жогорку жана орто окуу жайларга, мектеп, балдар бакчаларына берилген карантинге байланыштуу коомдук, кичи маршруттук каттамдардын саны азайып, айдоочуларга убактылуу нормадан ашык жүргүнчүлөрдү ташыбоо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий