• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Оштогу коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системалар ишке берилет

Аймак 0

Бишкек,12.10.18./Кабар/. Оштогу коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системалар ишке берилет.

Кечээ, 11-октябрда Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин кызматкерлери ЖМКнын өкүлдөрүнө коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системаларды ишке киргизүү долбоору жөнүндө атайын маалымат жыйын өткөрүштү.

“Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн биз Чехия республикасынын “Микроэлектроника” компаниясы менен келишим түзгөнбүз. Муниципалдык коомдук транспорттордо жүрүү эки тартипте болот. Накталай акча төлөө жана жүрүүчү транспорттук картанын негизинде. Карталар ардагерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн, окуучулар үчүн жана жалпы жарандар үчүн болуп үч түргө бөлүнөт. Карта менен төлөгөндө жол акыркы өзгөрбөйт. Ардагерлер бекер жүрүшсө, окуучулар 1 сомдон ал эми калган жарандар троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт. Учурда шаардагы троллейбустарга жана автобустарга атайын аппараттар орнотулуп, системалар адистер тарабынан текшерилип бүттү. Долбоорду октябрь айынын аягында ишке ашырууну пландап жатабыз”,-деди шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин директору Мурзабек Дубанаев.

Айта кетсек, транспорттук карталар Ош шаарынын муниципалдык автоунаа ишканасында сатылат. Картаны алуу учурунда жарандарда паспорт жана ардагерлердин күбөлүгү болушу шарт.

Пикир

Оставить комментарий