• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Оштогу коронавирус жуктуруп, оорусун жашырган жаран айыккандан кийин 5 жылга камалат - Нурдинов

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Оштогу коронавирус жуктуруп, оорусун жашырган жаран айыккандан кийин 5 жылга чейин камакка алынат. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, аталган жаран илдетти жакындарына да жуктурган. "Бир жаран илдетти жугузуп алуу беренеси боюнча кармалды, аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан тууган-урук жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышып, аларга жуктурган. Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат, - дейт Нурдинов.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Ошондой эле илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий