• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу “Кулунчак” бала бакчасына шаар мэри жардам көрсөтөт

Аймак 0

Ош, 19.09.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри күтүүсүздөн №55 “Кулунчак” балдар бакчасына барды. Аталган бала бакчада 346 бала тарбияланат. Калаа башчысы бөбөктөр менен баарлашып, бакчанын абалын көрдү. Бала бакчанын эски алмаштырылбай калган терезесинин ордуна пластикалык терезе коюлат.

Ал үчүн шаар мэри каражат бөлө турганын айтты.

Мэр балдарга аяр мамиле кылып, тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Бакчада 9 тайпа болуп, 35 кызматкер эмгектенет.

Балдар үчүн уктоочу, ойноочу бөлмөлөрдө, ашканасында толук шарт түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий