• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу М.Ломоносов атындагы мектепке 500 орундуу кошумча корпус курулуп жатат

Аймак 0

Бишкек, 19.12.17./Кабар/. Кечээ, 18-декабрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы М.Ломоносов атындагы №3 орто мектебине кошумча 500 орундуу окуу имаратынын курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алып кайтты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев мектепте бир класста 40-50 окуучу билим алып ыңгайсыздык жаралып жаткандыгын айтып, чечүү максатында жаңы мектептер жана кошумча корпустардын курулушу кызуу жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.

“Акыркы 3,5 жылдын ичинде 9 мектептин курулушу жүрүп, анын үчөө пайдаланууга берилди, калгандарында болсо курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Шаардан алысыраак аймактарга көңүл бурулуп, мектеп, бала бакча курулууда. Азыркы учурда М.Ломоносов атындагы №3 орто мектебине кошумча 500 орундуу окуу имаратынын курулушунун 80% бүттү”,- деди А.Кадырбаев.

Калаа башчысы куруучу ишкананын адистерине, Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисине курулуш материалдардын сапаттуулугуна көңүл буруп, келечек муун үчүн жакшы шарттары менен билим берүү уясын курууга чакырды. Ошондой эле, 20-январга чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, мектептин курулушунун сметалык баасы 70,0 млн сом, тендердик баасы 45,0 млн сомду түзөт. Курулушту “Бек-Строй-плюс” ЖЧКсы жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий