• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Оштогу Мамажан көчөсү толук оңдолуп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Ош шаарынын Ленин жана Курманжан Датка көчөлөрүн бириктирген Мамажан көчөсү толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, бүгүн, 8-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүткөрүлгөн курулуш иштеринин сапатын текшерип, жолдорго жаңы асфальт төшөө иштери уланаарын билдирди.

Аталган көчө шаардын Шейит-Дөбө аймагында жайгашып, жол каралбай калган. Мыйзамсыз курулуштар алынып, жол четине арыктар коюлуп, жөө адамдар басуучу жол да курулду. Жолдун бир тарабына курулган тротуардын узундугу 260 метр, туурасы 2,25 метрди түзөт. Ал эми асфальтталган жолдун узундугу 260 метр, туурасы 7 метр.

Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий