• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштогу мектеп, бала бакчалар оңдолот. Каражат бөлүндү

Аймак 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Ош шаарындагы мектеп, бала бакчалар оңдолот. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаарындагы мектептерди ондоп-түзөө иштерине 10 млн. сом, балдар бакчалардын ондоп-түзөө иштерине 9 млн. 915 мин. сом, ал эми республикалык бюджеттин эсебинен 4 170,0 млн. сом бөлүнгөн.

"Керектүү курулуш материалдары алынды. Азыркы учурда 2019-2020-жаны окуу жылына даярдык көрүү максатында бардык мектептерде жана балдар бакчаларында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий