• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштогу муниципалдык аймактык башкармалыктарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү боюнча жобо иштелип жатат

Аймак 0

Бишкек, 26.09.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, көчө комитеттери менен жолугуп, суроо жооп иретинде пикир алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар башчысы жыйында шаар тургундарын майда көйгөлөр менен мэрия тарапка чуркатпастан, аймактык башкармалыктарда чечүү керек деп белгиледи. Ошондой эле мындай жыйынды 3 айда бир, же алты айда бир уюштуруп турууну сунуштады.

“Мэрия жолдорду оңдоо, техникаларды сатып алуу, инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырып иштөөсү кажет. Андыктан майда иштер үчүн жарандарыбызды ар кайсы жакка чуркатпастан, муниципалдык аймактар жооп бере ала тургандай мүмкүнчүлүк берилет. Учурда жобосу иштелип жатат. Жобого кошулган милдеттемелер МАБдын башчыларына кошумча иштерди жаратат. Жергиликтүү бюджетти көтөрүүгө алар көмөк көрсөтсө, айлыктары да көтөрүлөт. Ошондой эле, көчө комитеттеринин маселелери каралат”, - деди мэр Мамбетов.

Муниципалдык аймактык башкармалыктар жана көчө комитеттер ачык суроолорду берип жеринен жоопторду алды. Ар бир келген кат протоколдоштурулду.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө жобого төмөнкүлөр кошумчаланып жатат:

- курулуш объектилерине уруксат берүү иштерине катышуу;

- муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө МАБдардын макулдугу;

- жергиликтүү бюджеттен каржыланып салынып жаткан объектилердин сапатын жана өз мөөнөтүндө бүтүшүн көзөмөлдөө;

- МАБ менен биргеликте иш жүргүзгөн Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин контролдоо жана координациялоо;

- жеке ишмердүүлүктү эсепке алууга жана көмүскө экономиканы жоюуда тийиштүү укуктук органдар менен бирге рейддерди уюштурат;

- көчө соодасын жана майда чекене соода тармактарын тартипке келтирүү боюнча чараларды көрөт;

- өз аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү муктаждыгы боюнча маалымат чогултуп, мэрияга сунуш киргизет.

Ошондой эле бала бакча, мектеп, учурдагы ири долбоорлордогу мүчүлүштүктөр туурасында суроолорго жооп берип жатып шаар башчысы Дача аймагында курулушу токтоп калган мектеп жыл аягына чейин бүтөөрү пландалып жаткандыгын билдирди.

Өз кезегинде МАБдын башчылары, көчө башчылары мэрге ачык жыйын үчүн ыраазычылык билдирди.

Ош шаарында 7 муниципалдык аймактык жана бир Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы бар. Жапалакта 13 айыл жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий