• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу мыйзамсыз курулуштар алынат — мэрия

Аймак 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров көчөсүнүн эки тарабындагы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери башталат.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасына ылайык, аталган көчөдөгү мыйзамсыз жана убактылуу ижара шартында берилген курулуштар бузулат.

"Мындан тышкары көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатына өз билемдик менен курулган курулуштар да алынмакчы. Бул боюнча ээлерине эскертүү берилген.
Алып салуу иштери шаарды иретке келтирүү жана жөө адамдар басуучу жолдорду кеңейтүү максатында ишке ашат", - деп билдиришти Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий