• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштогу мыйзамсыз соода түйүндөрү жайгашкан көчө аллеяга айланат

Аймак 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Ош шаарынын “Курманжан-Датка” МАБындагы Төрөбек Абакир уулу көчөсүн бойлой аллеяны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча комплекстүү иштер уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүнкү күндө бул жерде мыйзамсыз соода объектилерин алып салуу, жолдун эки тарабындагы тротуарларды реконструкциялоо, көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Учурда Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери колго алынган.

Гүлдөрү менен 10го жакын гүл идиштери орнотулган. Жакынкы арада бул аллеяны бойлой отургучтар коюлуп, көчөлөрдү жарыктандыруу системалары жаңыланып, сугат лотоктору төшөлүп, газон отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий