• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү (Сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 21.03.18. /Кабар/. Кечээ, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Нооруз майрамына карата иш-чара өтүп, сүмөлөк кайнатышты. Ош ТУнун майрамдык иш-чарасына Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев күбө болду,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шаар жетекчиси окуу жайдын жааматын Нооруз майрамы менен куттуктап, сүмөлөк кайнатты.

Майрамдык кеченин алкагында, «Кыз-жигит» сармерден оюну, майрамдык маданий программалар, боз үйлөр тигилип, “Сүмөлөк” даярдоо каадасы өткөрүлдү.

Мындан сырткары, борбордук аянтта да концерттик программа, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан майрамга карата бий кече уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий