• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу окуучулардын бычакталышы. Мэр Сарыбашов ыкчам жыйын өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов каза болгон мектеп окуучусуна байланыштуу Ош шаарынын милиция кызматкерлери менен ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Бакыт Исраилов бул окуянын айланасындагы кырдаал жана шектүүлөрдү издөө боюнча акыркы маалыматтарды берди. Сарыбашов ыкчам издөө иштерин тез арада жүргүзүүнү жана бул кылмыштын бетин ачууну тапшырды.

Эске салсак, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүн, 11-февралда мурдагы "Ареопаг" дүкөнүнүн имаратынын алдында өспүрүмдөрдүн кайым айтышуусу мушташка айланып, натыйжада экөө бычактан жаракат алышкан. Дарыгерлер жаракат алгандардын бирин сактап кала алышкан жок, экинчисинин абалы оор.

Учурда окуя боюнча милиция кызматкерлери ыкча иш алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий