• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштогу ооруканада дарыгерлердин коронавирусту жуктуруп алгандыгын териштирүү үчүн атайын топ жөнөп кетти

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Оштогу ооруканада медкызматкерлердин илдетти жуктуруп алгандыгын териштирүү үчүн инфекцияны көзөмөлдөө тобу жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришити.

Бүгүн, 9-апрелде адистерден турган инфекцияны көзөмөлдөө тобу Ош шаардык балдар жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасындагы медкызматкерлердин коронавирусту жуктуруп алган учурун териштирүү үчүн жөнөп кетти.

"Медкызматкерлердин илдетти жуктуруп алгандыгы өкүнүчтүү. Анткени алар башкаларга караганда жумушу түйшүктүү: бир гана илдет менен күрөшпөй өзүнүн күнүмдүк муктаждыктарын да чечиши керек. 9-апрелде өлкөдө 34 медкызматкер илдетти жуктуруп алды. Алардын ичинде дарыгер, медайым, лаборант, жугуштуу оорулар боюнча адистер, эпидемиологдор жана ашпозчу менен кир жуугуч кызматкерлер болгон", - дейт саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Абдикаримов белгилегендей, медкызматкерлердин илдетти жуктурган ар бир учуру боюнча териштүрүү жүргүзүлүп, тиешелүү баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий