• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштогу отун базасында көмүр 4 сом 80 тыйындан сатылууда

Аймак 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Оштогу өкүлдөрү менен биргеликте шаар аймагында көмүрдүн сатылышын текшерүүгө алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи вице-мэр Ош шаарынын негизги көмүр менен камсыздап турган «Пэрити-Коал» ЖЧКнын отун базасына барып, жеринен таанышты.

Ош шаарына кире бериштеги Фуркат айылындагы «Пэрити-Коал» ЖЧКнын отун базасында 1 кг көмүр 4 сом 80 тыйындан сатылууда.

"Бир апта ичинде шаардын Манас-Ата кичи районунда да арзан баада көмүр сатуучу жай уюштурулаарын аталган ЖЧКдан кабарлашты. Шаар тургундары арзан баада көмүр базаларынан сатып алышса болот", - деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында өз алдынча көмүр саткан жеке ишкерлер көмүрдүн килограммын 5 сом 50 тыйындан баштап, 6 сомдон жогору баада сатып жаткандыгы маалым болду.

Мэриянын өкүлдөрү көмүрдүн баасын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий