• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштогу өрт боюнча милиция кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды - Боронов

Коом 0

Бишкек, 03.01.19. /Кабар/. Оштогу өрт боюнча аймактык милиция бөлүмүндөгү кызматкерлердин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу кечээ, 2-январда Ошто мэр Таалайбек Сарыбашовдун катышуусунда өткөн жыйында Ош ШИИБнин башчысы Мурат Боронов билдирди.

Анын айтымында, 1-январга караган түнү эки кыз каза болгон “сойкукана” делген жайга 6 жолу кылмыш иши козголуп, акыркы убакта сойкукана катары иштебей турган.

“Бул жайдын администраторлоруна карата 2018-жылдын ичинде "Сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жайды уюштуруу" беренеси менен 6 ирет кылмыш иши козголуп, көмүскө жай жолу 6 жолу жабылган эле. Акыркы мезгилде сойкукана катары эмес, мейманкана катары иштеп турган. Ошентсе да аймактык милиция бөлүмүндөгү кызматкерлердин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды”, - деп билдирди Боронов.

Ош ШИИБи 2018-жылы сойкукана катары иштеген көмүскө жайларды аныктап, 21 кылмыш ишин козгогон.

Эскерте кетсек, кечээ Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык милициянын жетекчилиги жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, мейманканада болгон кырсык тууралуу маалымат алды. Калаа башчысы көмүскө иштеп жаткан сойкуканаларга каршы жеткиликтүү иштер болбой жатканын сынга алды.

Белгилей кетсек, 1-январда Оштогу 12 кабаттуу үйдүн жер тѳлѳсүнѳн ѳрт чыгып, эки кыз каза болду. Ош ШИИБдин оперативдүү тергѳѳ кызматы тарабынан каза болгон кыздардын ѳздүктѳрү аныкталып, бири Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, экинчиси Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

Алгачкы версиялар боюнча коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан ѳрт чыгып, анын кесепетинен түтүнгө ууланышкан деп болжолдонуп жатат. Ѳрттүн жана кыздардын ѳлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий