• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Оштогу саламаттык сактоо мекемелерин күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-июль күнү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин катышуусунда саламаттык сактоо мекемелеринин күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штабдын атайын отуруму болуп өттү. Ага Ош шаарындагы жылуулук берүү ишканаларынын жетекчилери, экологиялык-техникалык испекциянын өкүлдөрү, коммуналдык чарба тармагынын тийиштүү адистери, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында вице-мэр комиссиялык топ түзүп, 10 күндүк мөөнөт менен бардык саламаттык сактоо мекемелеринин жылуулук системасын, электр чыңалууларын, тендер менен алынып жаткан көмүр маселелерин текшерип чыгуу талабын койду.

Мындан тышкары, учурда иштеп жаткан күндүзгү стационар, изоляторлор, обсервациялардын абалын карап, күз-кыш мезгилине даярдыктарын көрүп чыгуу пландаштырылды.

“Суук түшкөн учурда Covid-19 илдетин жугузуп алган учурлар көп катталып кетсе эч нерсе кыла албай калабыз. Андыктан алдын алып күз-кыш мезгилине ооруканалардан тышкары даярдалган орундар боюнча текшерүү иштери жүрүп, бир жуманын аралыгында план түзүп, анын негизинде иш жүргүзөбүз”, - деди Топчубаев.

Ош шаарында жалпысынан 32 саламаттык сактоо мекемеси бар, алар жылуулук берүү борбору жана жылуулук менен камсыздоо муниципалдык ишканасынан жылуулук алат. Ал эми учурда кырдаалга байланыштуу убактылуу ачылган 16 изолятор, 4 обсервация, 6 күндүзгү стационар иш жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий