• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу сейил бактардын аймагына батут жана аттракциондорду орнотууга тыюу салынат

Аймак 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Ошто Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактан Навои паркына чейинки аймактарга батут жана аттракциондорду орнотууга тыюу салынат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда Ош шаарында шаардык кеңештин депутаттарынын XIII сессиясы өткөн. Анын жүрүшүндө депутат Болот Баетов Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактан Навои паркына чейинки аймакка ар кандай көңүл ачуучу жайларды иштетүүнү тартипке келтирүү маселесин көтөргөн.

Тагыраагы, аталган аймакка, ошондой эле Токтогул Сатылганов атындагы парктын өзүнө аттракциондорду, батуттарды орнотууну тыюу салууну сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 32 депутаттын 31и бул сунушту колдоду.

Пикир

Оставить комментарий