• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштогу Шакиров көчөсү кеңейтилип, жаңы асфальт төшөлөт

Аймак 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Кечээ, 12-мартта Ош шаарындагы Шакиров (мурунку Гагарин) көчөсүн реконструкциялоо иштерин жүргүзүү боюнча техникалык кеңешме болуп өттү. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аталган көчө толугу менен асфальтталып, кеңейтиле турганын билдирди, - деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Тиешелүү жетекчилерге жолдун курулушу башталаар алдынан коммуналдык кызматтарга тиешелүү түтүкчөлөр алмаштырылышы керектиги боюнча тапшырма берип, асфальттоо иштери сапаттуу болушу керектигин билдирди.

Шакиров көчөсү кеңейтилип, түнкү жарыктандыруу жакшыртылат. Иш башталганга чейин жол четиндеги мыйзамсыз курулуштар алынат. Жолдун курулуш иштери быйылкы жылы бүтүп, пайдаланууга берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий