• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Оштогу спорт комплекстин курулушунун 50 пайызы бүттү

Аймак 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Ош шаарынын Манас-Ата кичи районуна курулуп жаткан спорт коплекстин курулушунун 50%ы аяктады. Шаардагы эң чоң спорт комплекстин курулушу Иран Ислам Республикасы тарабынан каржыланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Спорт комплексте волейбол, баскетбол, бокс, күрөш, теннис оюндары өтүүчү залдар курулууда. 200дөй көрүүчүлөр үчүн да орундуктар курулуп, спорттук мелдештер өтүүсүнө шарт түзүлөт. Ал эми спорт комплекстин жанына кичи футбол аянтчасы курулат.

Залдардан тышкары жуунучу жайлар, фитнес, балдар ойноочу аянтча курулуп, айланасы жашылдандырылат. Курулуштун сапаттуу жүрүшүн шаардык мэрия көзөмөл кылууда.

Курулушка мэрия тарабынан берилген жер тилкенин аянтты 5170 м2 түзөт.

Спорт комплекстин курулушуна ушул жылдын 28-июнунда шаар мэри Таалайбек Сарыбашов капсула салган. 31-декабрга чейин курулуш иштери толугу менен бүткөрүлөөрү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий