• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Оштогу супермаркеттерде баалар туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 19.03.20. / Кабар/. Ош мэри Таалайбек Сарыбашов кечээ «Глобус» жана «Фрунзе» супермаркеттерине барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Шаар башчы сатып алуучулар менен негизги азык-түлүктөргө болгон баа тууралуу баарлашып, бүгүнкү күндө азык-түлүктөрдүн жана башка биринчи керектүү товарлардын жетиштүү запасы бар экендигин белгиледи.

Супермаркеттердин жетекчилиги менен баарлашуу учурунда мэр аларды товарлардын баасынын түзүлүшү боюнча маселелерге жоопкерчиликтүү кароого чакырды. Жарандар мэрге көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Оштогу супермаркеттерде баалар өзгөрүүсүз бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий