• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштогу төрөт үйүндө 26 жаштагы келин көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Ош облустук төрөт үйүндө жаңы төрөгөн келин көз жумган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева кабарлады.

Анын айтуусунда, келин 26 жашта болгон.

“Төрөт үйүнө ал 8-июнь күнү эртең менен түшкөн. Ошол кезде эле анын каканак суусу жарылып, агып кеткен экен. Ал төрөгөндөн кийин эртеси каза болуп калган. Ымыркай 3 кг 250 грамм салмак менен төрөлүп, учурда абалы жакшы. Келиндин өлүмүн изилдөө үчүн комиссия түзүлгөн. Маркумдун туугандары денесин союудан баш тартышкандыгы комиссиянын ишин оорлоштурууда. Маркумдун денесин союп, анын эмне себептен өлгөндүгүн так аныктоо мүмкүн болмок. Эми комиссия анын өлүмүн медициналык документтер аркылуу гана дарыгерлер аны туура же туура эмес даарылап жаткандыгын иликтей алат. Ал айым төрөгөндөн кийин ден соолугу оорлошкон. Мүмкүн анын кандайдыр бир тубаса оорулары болгон”, - дейт Асылбашева.

Пикир

Оставить комментарий