• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Оштогу Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Токтогул Сатылганов паркы толугу менен реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.

Токтогул Сатылганов атындагы парктын аянты 9 гектарды түзөт. Оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, жеке ишкерлер да колдоо көрсөткөн. Паркка 40тан ашуун камера ОБСЕ тарабынан коюлуп, коопсуздук жагы каралган.

Оргумага кыргыз аялдын элеси айкели тургузулуп, таш менен Улуу Жибек жолунун көрүнүшү чагылдырылган.

Түнкү жарыктандыруу иштери аткарылып, ирригациялык лотоктор жаңыланган. Балдар үчүн жайкы сахна курулуп, ишкерлер тарабынан отургучтар орнотулуп берилди.

Пикир

Оставить комментарий