• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштогу троллейбустар өз нугунда иштеп жатат

Аймак 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. 10-август күнү Ош шаарындагы троллейбустардын каттамы 4-5 саатка токтогон. Анткени троллейбустардын айдоочулары нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов билдирди.

“Троллейбустун айдоочулары Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасына бир каттамга төлөнүүчү акча каражатынын 50 сомго көтөрүлүшүнө нааразычылык билдиришкен. Жуманын башында тарифтик планга коюлган бир каттамдын (рейс) суммасы 250 сомдон 300 сомго көтөрүлгөн. Ошондуктан айдоочулар нааразычылык билдирип, каттам 4-5 саатка гана үзгүлтүккө учурады. Бирок күндүзгү саат 12ден тарта Ош шаарындагы троллейбус каттамы өз нугунда иштей баштаган”,-деди У.Раманов.

Ошондой эле, бөлүм башчынын айтымында, бир жума бою троллейбустарда атайын түзүлгөн комиссиялык топ рейд жүргүзүп, хронометражын эсептеп, туруктуу баа коюлаарын кошумчалады. Учурда катамдын баасы 300 сом боюнча калгандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Ош шаарында троллейбустун бир линиясы бар. Үстүбүздөгү жылдын 24-майында Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасына Россия Федерациясынан келген жаңы 23 троллейбус тапшырылган.

Жалпысынан Ош шаарында 35ге жакын троллейбус каттайт.

Пикир

Оставить комментарий