• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштогу унаа тетиктерин саткан башкы базарлардын бирин шаар четине жылдыруу пландалууда

Аймак 0

Ош, 27.11.18. /Кабар/. Ош шаарындагы унаа тетиктерин саткан башкы базарлардын бирин шаар четине жылдыруу пландалууда.

Мындай чечим Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жол тыгынын азайтуу максатында кабыл алынган. Ошондой эле ал эски базар заманбап талаптарга жооп бербей калган: унаалар үчүн токтотуучу жайлар жок болгон.

Унаа тетиктеринин жаңы базары Мамыров көчөсүнө, мурда эски унаа базары жайгашкан жерге жылдырылууда. Жаңы базарда унаа каражаттары үчүн базар ичинде унаа токтоочу жайлар болот.

Учурда бастырма тургузуу жана башка керектүү курулуш иштери аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий