• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу веложүрүшкө 2 миңге жакын адам катышты

Аймак 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. 6-апрелде Ош шаарында “Сергек жашоо” урааны менен массалык веложүрүш болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, вице-мэрлер, “Мегаком” компаниясынын Оштогу жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары, спорт сүйүүчүлөрү жана жаш активисттер катышты.

Шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов жалпы веложүрүштүн катышуучуларын сергек жашоого, спортту сүйүүгө үндөдү. Ошондой эле жүрүшкө катышууга келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана балдар үйүндө тарбияланып жаткан 5 балага велосипеддерди белекке берди.

Веложүрүштүн узундугу 8 чакырымды түзүп, ага 2 миңге жакын жаштар катышты. Веложүрүштү баштаган мэр Т. Сарыбашов менен өкмөттүн өкүлү У.Жылкыбаев катышуучулар менен 8 чакырымды чогуу басып өтүштү.

Иш-чаранын соңунда атайын көңүл ачуучу программа, интерактивдүү конкурстар уюштурулуп, белектер тапшырылды. Ошондой эле иш-чара эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт, бий топторунун бийлери менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий