• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу Жапалак айылынын 600гө жакын тургуну газга туташтырылды

Аймак 0

Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрелде Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Төлөнбаев жана Малабеков көчөлөрүнүн жашоочуларына көгүлтүр от берилди. Жаратылыш газын берүү аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, "Ошгаз" филиалынын директору Рашид Тагаев баш болгон эмгек жамаат, шаар тургундары келип катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев “Газпром-Кыргызстан” ЖЧКсы Ош шаарында иш жүргүзүп жаткан иш-аракеттери алгылыктуу экендигин айтып, ыраазычылык билдирди.

“Элди көгүлтүр от менен камсыздоо багытында жакшы иштер жүрүп жатат. Бир жагынан жаңы линиялар тартылса, экинчи жагынан эскилиги жеткен түтүктөр алмашылып жатат. Бул иш аракети менен келечекте Арек, Орке, Татар, Кеңеш айылдарында жашашкан 2900 үйгө газ киргизүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жалпысынан 2021-жылга чейин шаар боюнча 13560 үйгө газ киргизүү пландаштырылып жатат”, - деди А.Кадырбаев.

Белгилей кетсек, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Төлөнбаев жана Малабеков көчөлөрүнүн 600дөн ашуун адам жашаган 98 кожолук көгүлтүр от менен камсыздалды. Ал эми абоненттердин саны 3396га көбөйүп, 63 710го жеткен. Айта кетсек, буга чейин “Газпром-Кыргызстан” ЖЧКсы таратынан Ош шаарында жер алдында эскирип, жараксыз абалга келген 24 км. газ түтүгү алмаштырылып, 22 324 даана газ эсептегичтер жаңыланган.

Пикир

Оставить комментарий