• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштогу жазгы массалык чуркоого 3000ден ашуун адам катышты

Аймак 0

Бишкек, 14.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болду. Спорттук иш-чаранын ачылышына Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев жана мелдешин катышуучулары катышты.

Массалык чуркоодо Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери,жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күч сынашты.

Чуркоо эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты.

Жеңүүчүлөгө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектери тапшырылды.

“Бул иш-чаранын максаты, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет”,-деди К.Саркарбаев.

Спорттук мелдешке 7 жаштан 70 жашка чейин, жалпысынан 3000ден ашуун адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий