• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштогу Жибек-Жолу аймактык кеңешине таза суу берүү иш-аракеттери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 22.11.17./Кабар/. Кечээ, 21-ноябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №11 Жибек-Жолу аймактык кеңешиндеги 222 жана 223 кварталында болуп, таза суу чыгаруу иш аракеттерин көрүп кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Долбоорун иштеп чыккан капиталдык курулуш башкармалыгын кызматкерлери ичүүчү таза суунун чыгаруу иш аракеттирин аягына чейин бүтүрүүгө кошумча дагы 2,5 млн. сом акча каражаты керек экендигин шаар мэрине долбоорду көрсөтүп жатып билдиришти.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев кошумча акча каражатын табып, ишти эртелетүүн көздөп жаткандыгын айтып, №11 Жибек-Жолу аймактык кеңешинде дагы жылыштар көп экендигин кошумчалады.

“Бул аймактык кеңеш Ош шаарынан алыс жайгашкан. 2014-жылы бул жерде таза суу гана эмес, жол, бала бакча, мектеп сыяктуу маселелер орчундуу эле. Таза суунун долбоорун аягына чейин жеткирүү иш-аракеттери көрүлүп, кошумча акча каражатын бөлсөк, бул маселе да чечилет. Аталган аймакта учурда негизги көчөлөрүнө шагыл төгүлүп, 275 орундуу алгачкы мектеп курулуп жатат. Ошондой эле, кийинки жылдан тарта бала бакча куруу иш-аракеттерин көрөбүз”, - деди А.Кадырбаев.

Белгилей кетсек, №11 Жибек-Жолу аймактык кеңешинин мэр Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен быйылкы жылдын эсебинен жолдор түздөлүп жолдор башкармалыгы тарабынан шагыл төгүлгөн. Ошондой эле, электр мамычалары бөлүнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий