• 82.38
  • 84.08
  • 1.34

Оштогу жол кырсыгы: Каза болгондор 6 адамга жетти, алардын төртөө балдар

677 кароо Кырсык 0


Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Ошто оор жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыгында каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталган маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Жаңы-Маала айылында HOWO үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып 6 адамды басып калган.

Кулаган унааны кран менен көтөргөндө анын астынан 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталды.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ыкчам топ, 1 кран жана 9 куткаруучу тартылган.

Алар каза болгон жарандарды унаанын астынан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий