• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Оштогу жол кырсыгынан бир аял каза болду — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып калган.

Кырсыктан бир аял каза болуп, дагы бир адам жабыркаган.

"Жалпысынан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адам ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий