• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштогу Жолон Мамытов атындагы аллея реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Жолон Мамытов атындагы аллея пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аллеянын жалпы аянты 70 сотыхты түзөт. Долбоорго ылайык, бул жерде балдар аянтчалары, спорттук жайлар курулуп, заманбап жарыктандыруу системалары жана жарандар эс алуучу орундуктар орнотулду. Ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Объект менен мэр Бакытбек Жетигенов таанышып, бул жайда Ак-Тилек кичи районунун тургундарынын эс алуусу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Белгилүү акын, прозаик жана котормочу Жолон Мамытовдун жакындары, жергиликтүү тургундар бул аллеянын реконструкцияланганына ыраазычылыктарын билдиришти

Пикир

Оставить комментарий